КРнын Ички иштер министрлигинде 18-июль күнү укук коргоо органдары тарабынан 2014-жылдын 6 ай аралыгында жүргүзүлгөн иш-аракеттердин жыйынтыгын чыгарган отурум болуп өттү. Анда маалым болгондой, жогоруда көрсөтүлгөн мезгил аралыгында республика боюнча 13 582 кылмыш катталып, өткөн жылдын 6 айына салыштырмалуу 3,1 пайызга азайды.
Кылмыштардын санынын азайышы боюнча көрсөткүч Бишкек шаарында 9,3 пайызды түзсө, Ош облусунда 8,6 пайыз, Таласта 6,9 пайыз жана Нарында 5,9 пайызга барабар болгон. Ошондой эле аталган мезгил аралыгында өлкөдө 9753 кылмыштын бети ачылды. Бул 2013-жылга салыштырмалуу 1,9 пайызга көп.
"Ички иштер органдарынын оперативдүү иликтөө багытындагы приоритеттүү ишмердигинин бири болуп коррупция менен күрөшүү, көчөдөгү мыйзам бузуулар, уюшкан кылмыштуулук болду" деп айтылат мекеменин расмий сайтында жайгаштырылган маалыматта.