Ош. Тейлөө тармагында эмгектенген кызматкерлер кесиптик күнүнө карата Ардак грамоталар менен сыйланышты

20-июль - Тейлөө кызматында эмгектенген кызматкерлердин кесиптик күнүнө байланыштуу Ош шаарынын мэриясында биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров тейлөө кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Анда вице-мэр: «Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салымыңыздар зор. Андыктан мындан ары да иш алып барууңуздарга мэрия тараптан жардамыбызды беребиз. Мындан аркы ишиңиздерге ийгиликтерди каалайбыз»,- деди.

Вице-мэр кызматкерлерди шаардагы тейлөө чөйрөсүндөгү жетишкен ийгиликтери үчүн куттуктап, Ардак грамоталарды жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ekush
2014-07-21 10:28:41
тейлоо тармагында эмгектенгендерди эстен чыгарбаганынарга ырахмат. ишинер онолсун, шаарды онуктуруудо сиздерден чон умут кылабыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан