Быйыл Ысык-Көлдө бир катар тарыхый инсандардын элесине арналган иш-чаралар орун алат

Быйыл Ысык-Көл облусунан чыккан белгилүү инсандар, кыргыздын улуу акындары С.Каралаевдин 120 жылдыгы, К.Жантөшевдин 110 жылдыгы, У.Мамбеталиевдин 80 жылдыгы, З.Соронбаеванын 90 жылдыгы, А.Буйлаш уулунун 190 жылдыгы, Т.Сатылгановдун 150 жылдыгы белгиленет. Облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы бүгүн, 21-июлда берген маалыматка карата учурда бул белгилүү инсандардын жана башка улуу инсандардын юбилейлерине арналган маданий иш-чаралар облустун бардык район, шаарларында уюштурулуп жатат.

Жогоруда белгиленген мааракелик иш-чараларды уюштуруп өткөзүү үчүн жумушчу топтор түзүлүп, бүгүнкү күндө тийиштүү иш алып барышууда.

2014-жыл - Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жылына карата Ысык-Көл облусунда  маданият тармагында кароо-сынактар, көргөзмөлөр өткөрүлүүдө. "Элибиздин ынтымагын, биримдигин бекемдөө, улуттар аралык мамилени жакшыртуу максатында атайын үгүт кербени түзүлүп, облустун “Ынтымак ордо” коому менен бирдикте “Ынтымак кербени” деген ат менен райондордун борборлоруна, айылдарына, шаарларына концерттик программа тартууланып, үгүт-насаат иштери жүргүзүлдү" деп айтылат маалыматта. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан