Кыргызстандыктар жомок жана эпос айтуу маданияты боюнча Азия мамлекеттеринин арасындагы эл аралык сынакка катыша алышат

Кыргызстандын жарандары Азия мамлекеттеринин арасындагы жомок жана эпос айтуу боюнча эл аралык сынакка катыша алышат. Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиргендей, сынакты Кореянын Маданият, спорт жана туризм министрлиги уюштурууда.

Бул жылы сынак Азия мамлекеттеринин жомокторго жана оозеки элдик чыгармасынын мотивинде жасалган санариптик комикстерге арналган. Иш-чарага жаш курагына карабастан, жеке жана жамааттык эмгектер катыша алат. Сынакка катышкан эмгектер корей, англис же орус тилдеринде болушу керек. Эмгектер 31-августка чейин кабыл алынат. Сынактын финалдык туру сентябрь айында өткөрүлүп, ага “Жомок айтуу искусствосу” комитетинин өкүлдөрү жана маданият жаатындагы эксперттер катышышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан