Ош шаарындагы Нурсултан Назарбаев атындагы мектептин орду башка жакка жылдырылары маалым болду

Ош шаарындагы казак элинин президенти Нурсултан Назарбаев тарабынан каржыланып курулуп жаткан Назарбаев мектебинин орду башка жакка жылдырылат. Мындай билдирүүнү бүгүн, 21-июлда вице-мэр Жапар Ормонов таратты.

Анын айтымында, аталган мектеп көрүнүктүү жерге салынбай калган. Анын кайрадан курулуучу орду Кара-Суу районундагы Жийделик айылында болмокчу. Ал Ош аэропортунан шаарга кирип келе жаткандагы Манастын эстелигинин жанында жайгашары болжолдонууда.

"Бул мектеп 2013-жылы курулуп баштаган. Талапка ылайык, ал 2,5 гектар жерге салынышы керек болчу. Бирок талаптар аткарылган эмес. Башка себеби: Черёмушка кичи районунда 3 мектеп бар экен. Ошондуктан башка жакка жылдыруу маселеси каралды",- деди ал. Ал эми талаптарды аткарбай курулуш ишин баштагандарга карата кылмыш ишин укук коргоо органдары аныктаарын кошумчалады.

Кошумчалай кетсек, мурда башталып калган мектепке республикалык казынадан каражат бөлүнүп, курулушу улантылары айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан