Жарандар “Ош базарынын” жанында бир кызды күч менен унаага салып алып кеткен окуяга күбө болушту

Кечээ, 20-июлда Бишкекте “Ош базарынын” аймагында аял жана бир нече жигит жаш кызды унаага күч менен салып алып кетишти. Бул тууралуу интернеттеги социалдык тармактар аркылуу окуяга күбө болгон Дарья Геттуева жарыялады.

Анын айтымында, кыз “мен кош бойлуумун, окугум келет” деп кыйкырып, жардам сураган. “Бирок буга карабастан, аял "бул менин кызым" деп аны унаага күч менен сала берген. Ага бир нече жигит көмөк көрсөтүшкөн. Жигитим экөөбүз гана муну токтотууга аракет кылдык. Ал эми башкалар жардам берген жок",- дейт Д.Геттуева.

Бул тууралуу SUPER.KG порталына КРнын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев окуя үй-бүлөлүк пикир келишпестиктин негизинде болушу мүмкүн экенин айтты. "22 жаштагы кыздын күйөөсү жана бир баласы бар экен. Аны алып кеткен аял анын энеси экени тастыкталды. Мындан тышкары энеси ага унааны белек кылганы белгилүү болду. Кыздын билдиришинче, окуядан улам анын баштыгы жоголду. Ал эми кызды алып кетүү кандай себептен, кандай максат менен болгонун тергөөчү териштирет",- деди Осмонбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Aipri
2014-07-21 13:02:39
Баары бир жалгыз эне кызынын жашоосун жакшы болуушун калайт. Балким, жаштык кылып оз билгенин кылып кеткендир.
+7
aliaman
2014-07-21 14:39:31
тушунуш кыйынго деги. торогон апасы кош бойлуу кызын кучко салып машинага салабы? озунун апасы болсо, менин боюмда бар куйоом бар деп элден жардам сурайбы? чын эле уйбулолук маселе болсо анда жакшы. анан кандайдыр бир кучтор бар болсо биздин милиция кызматкерлерибиздин кучу жетпейтурган болсо ушинтип жаап коюшу деле мумкун.
+4
boztalaa
2014-07-21 15:57:12
aliaman, туура айтасыз
0
sumaia.kg.kg
2014-07-21 15:51:33
Куйоосу бир баласы бар болсо боюнда дагы болсо эмнеге апасы куч колдонуп алып кетти тушунуу кыйын го.бирок кыз каалабай жатпайбы апасы менен кетууну.элден жардам сурап кайрылса куч менен салып кетиптир
+3
depu
2014-07-21 16:09:00
Созду кобойтпой куто турайлы,милиция бир жообун айтат.
+2
good-girl
2014-07-21 16:47:55
Oz enesi mintip kuch koldonmok emesko menimche iweniw kyiyn.
0
supeeri
2014-07-21 17:03:50
Бул жерде башка нерсе бар,жакшы суруштуруш керек го дейм.
0
jooshbala
2014-07-21 17:24:13
Урматту супер инфо,ушүнун аягын,себептерин маалымдап коюңуздарчы
+1
begimai1989
2014-07-21 18:32:52
апасы эмес го башкача эле "апасы"болуш керек ким билет чын эле милициянын алы жетпей калат же милициянын оозун жаап коёт
+1
jypara1415
2014-07-22 00:31:08
Себеби эмнеде ? Чоо - жайын айтып коюңуздарчы кабарчылар , күтөбүз ? !
0
Margaret.girl
2014-07-22 20:24:02
кайсы эне кош бойлуу кызын күч менен машинага салмак. жалган болушу мумкун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан