Бишкекте икебана искусствосу боюнча мастер-класс көрсөтүлүүдө (фоторепортаж)

Бүгүн, 21-июлда Бишкектеги соода түйүндөрүнүн биринде икебана искусствосу боюнча мастер-класс көрсөтүлүүдө. Иш-чарага окуучулар, студенттер, шаар тургундары жана коноктор катышып, гүл кооздогонду үйрөнүп жатышат. Мастер-классты Орусияда икебана искусствосу боюнча сабак берген Чынара Мундузбаева  көрсөтүүдө.

Икебана – гүлдөрдү кооздоо боюнча япондордун салттык искусствосу. Анда кесилип алынган гүлдөрдөн композиция жаратып, интерьерге орнотушат. Икебананын түпкүрүндө жөнөкөй көркөмдүктү, табигый сулуулукту ачып берүү камтылган.

Белгилей кетсек, иш-чара 22-июлга чейин уланат. 24-июлда “Гүлдөгөн Кыргызстан” аттуу көргөзмө өткөрүлүп, Чынара Мундузбаеванын анын жана окуучуларынын эмгектери тартууланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ayday2
2014-07-22 16:52:58
Сүрөттөр сочно тартылбай, бледно болуп калыптыр.Кызыксыз жана кунарсыз тартылган, смотреть тошно
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан