Ош шаарына 2017-жылга чейинки өнүктүрүү планынын негизинде 20 троллейбус жана 24 жаңы автобус алынып келет. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматтарга ылайык, Европа банкы менен биргеликте шаардагы атайын кызматтарда техникалык жана эксплуатациялык иликтөө иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында бул тармакты жакшыртуу максатында 8 миллиондон ашуун евро жардам алуу боюнча келишим болду.
Ошондой эле бул каражаттын 30 пайызы грант катары бериле турганы айтылды. Европа банкынын "Аймактарды өнүктүрүү" долбооруна ылайык, 20 жаңы троллейбус, 24 көп орундуу жаңы автобус алынып келинет. Бул долбоорду Ош шаардык кеңешинин депутаттары жактырышты.
Учурда керектүү документтер КРнын Каржы министрлигине жөнөтүлдү.