Кыргызстанда өткөн апта соңунда күйүүчү май 1 сомго чейин кымбаттады

Кыргызстанда күйүүчү майга болгон баа кайрадан көтөрүлдү. Бул тууралуу 21-июлдагы маалымат жыйынында Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов билдирди.
Анын айтымында, өткөн аптанын соңунда АИ-92 бензинине болгон баа Кыргызстандын түндүк облустарында 70 тыйынга, АИ-95 бензини 90 тыйынга кымбаттады. Ал эми АИ-80 бензини менен дизель майынын баасы 80 тыйынга жогорулаган. Түштүк облустарда болсо АИ-92 1 сомго, АИ-95 1,2 сомго жана АИ-80 бензини менен дизель майынын баасы 80 тыйынга жогорулаган.

Ал нефтини кайра иштетүүчү заводдун жарылуусунун кесепетинен Орусиянын рыногунда мунайзат таңсыктыгы пайда болгонун айтты.

"Баалардын көтөрүлүшүнө орусиялык күйүүчү майды иштеп чыгуучу заводдор себеп болууда. Акыркы аптада Орусиянын мунайзатына болгон баа кескин түрдө жогорулаган. Июнь айына салыштырмалуу күйүүчү майдын дүң баасы июлда 10-21 пайызга өстү",- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
talant87
2014-07-22 10:19:08
АИ 80-36,40т Эми 40,40т дизель 45-47сом кантип 1- сомго которулот чындыкты айткылада элдин козу корда билбейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан