Өкмөт базарда кумшекердин баасы 45 сомдон десе, керектөөчүлөр 50 сомдон сатылып жатканын айтышууда. Ош шаарындагы базарларда да кумшекер 53 сомдон түшпөй жатканы белгилүү болду. Бирок өкмөт базарларда кумшекер 45 сомдон сатылып жатканын билдирди.
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин жардамчысы Мелис Эржигитов бүгүн, 21-июлда SUPER.KG порталына: “Өлкөгө Азербайжандан жалпы 2106 тонна кумшекер келди. Ал кумшекерлер ордунан 44 сом 8 тыйындан сатылып жатат",- деп маалымдады.
"Ал эми кеткен каражатын эске алып, Баткенде 47 сом 10 тыйын, Ошто 46 сом 60 тыйын, Жалал-Абадда 46 сом 60 тыйын, Балыкчыда 45, Нарында 45, Таластын Маймак тилкесинде 44 сом 80 тыйын,
Бишкектин базарларында 45 сомдон сатылып жатат. Ал үчүн биз базарларда атайын орундарды ачып койгонбуз. Ал эми 53 сомдон сатылып жаткан шекерлер - жеке компаниялардын бизнестери. Буга чейин алар 54-55 сомдон сатып жатышкан, азыр бааларын төмөндөткөнгө аргасыз болуп жатышат”,- деди.
Мындан сырткары Кыргызстанга Азербайжан 10-августтарга дагы 6 миң тоннадан ашуун кумшекер келерин кошумчалады.