Кубанычбек Кулматов «Мадина» базарына көп катмарлуу унаа токтотуучу жайдын курулушу боюнча долбоор даярдоону тапшырды

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов "Мадина" ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Бул тууралуу 21-июлда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Мэр базардын администрациясы жана ижарага алган жарандар менен жолугушуп, актуалдуу маселелерди талкууга алды. Жолугушууда Шабдан баатыр көчөсүндө транспорттон жүктөрдү түшүрүүдөгү көйгөйлөр, унаа токтоочу жайлардын абалы айтылды. 
Кубанычбек Кулматов «Жашылдандыруу» кызматына жолдорду кеңейтүү жана көп катмарлуу унаа токтотуучу жайдын курулушу боюнча долбоор даярдоону тапшырды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан