Академик Абдылдажан Акматалиевдин “Чыңгыз Айтматовдун ак булуту” (“Белое облако Чингиза Айтматова”) аттуу китеби орус тилинде жарык көрдү. Бул тууралуу КРнын Улуттук илимдер академиясынын басма сөз кызматы бүгүн, 21-июлда билдирди.
Китепте окумуштуунун улуу жазуучу дүйнөдөн кайткандан кийинки ойлору, пикирлери камтылган. Дүйнөлүк жазуучунун көп окурмандарга белгисиз жактары, күндөлүк турмуштагы жашоосу, мүнөзү, жүрүм-туруму, бийликке, коомго, замандаштарына, жаратылышка жана башка көз карашы чагылдырылган. Ошондой эле эмгекте Чыңгыз Айтматовдун сырдуу чыгармаларынын айрым бир маселелери, жарыяланбаган кол жазмалары жөнүндө биринчи жолу сөз болот.
Маалымат үчүн айта кетсек, Абдылдажан Акматалиевдин жакында эле “Кыргыз тили, Манас жана Айтматов”, “Чыңгыз Айтматов” деген илимий эмгектери кыргыз, орус, англис, түрк, немец, француз тилдеринде чыгып, биринчиден, Айтматов таануу илимине зор салым кошсо, экинчиден, жалпы республикалык жана чет элдик окурмандарга өтө керектүү эмгек болду.