Япониянын борбору Токионун карамагындагы Кодайра шаарында 20-июлда Кыргызстандын маданият күндөрү болуп өттү. Иш-чара аталган шаардын эл аралык борбору менен "Саат билим" маданий жана билим берүү борбору тарабынан уюштурулду.
Кыргызстандын маданияты, улуттук бий, ооз комузда өнөр көрсөтүү, тогуз коргоол оюну боюнча мастер-класстар аркылуу көрсөтүлдү. Ошондой эле Кыргызстан жөнүндө сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, кыргыздын кол өнөрчүлүгү тартууланды. Мындан сырткары коноктор кыргыз ашканасынан даам сызган мүмкүнчүлүккө ээ болушту. Маданият күндөрү кыргыз элинин жашоо-турмушу менен тааныштыруу максатында жогоруда аталган уюштуруучулар тарабынан экинчи жолу өткөрүлдү. Бул тууралуу "Замандаш" ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.