Социалдык өнүгүү министрлиги жыл башынан бери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 535 майыптар коляскасын берди. Бул тууралуу 22-июлда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Өткөн аптада Чоң-Алай, Бакай-Ата, Нарын, Аламүдүн жана Бишкектин Биринчи Май району боюнча 17 адамга берилди. Алардын сегизи жаш балдарга арналган.
Министрликтин басма сөз кызматы белгилегендей, майыптар арабасын берүү мурун 7 жаштан болсо, 2014-жылдан баштап 5 жашка кыскартылган. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди протездик-ортопедиялык жабдуулар менен камсыз кылууда республикалык ишкана колдоо көрсөтөт.