Бүгүн, 22-июлда Жалал-Абад шаардык мэриясынын жыйындар залында 2-жарым жылдыкта аткарылуучу иш-чаралар талкууланат. Ошондой эле 2014-жылдын 2-чейрегиндеги социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыктары каралат.
Мындан сырткары жалпы билим берүүчү мектептердин 2014-2015-жаңы окуу жылына карата даярдыктарынын абалы, жеке турак жай куруу үчүн атуулдарга тиешелүү документтерди берүүнүн жана мыйзамсыз курулуп жаткан курулуштардын абалы, Жалал-Абад шаарынын Шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын иштериндеги көйгөйлөр каралат. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.