Эртең, 23-июлда суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү таза суу токтотулат. Бул тууралуу "Бишкексууканал" башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 23:00гө чейин Ашхабад, Бөкөнбаев, Коёнкөзов көчөлөрү, темир жол линияларынын айланасы, Орозбеков, Логвиненко, Кулатов, Байтик баатыр көчөлөрүндө суу токтотулат. Ошондой эле ичүүчү суу токтой турган аймактарга ИИМдин өкүлчүлүгү, Курулуш колледжи, "Фрунзе" соода үйү, Улуттук госпиталь, Дезинфекциялык станция, "Кыргыз темир жол" башкармалыгы, кондитердик цех кирет.