Ысык-Көл облусунун Сары-Жаз аймагында кырсыкка кабылган тик учактын себептерин териштирүү боюнча комиссия аныктоо иштерин улантууда. Бул тууралуу 22-июлдагы маалымат жыйынында КРнын Башкы штабынын башчысынын биринчи орун басары Ильяз Субанкулов билдирди. "Кулаган Ми-8 тик учагы куралдуу эмес, транспорттук болуп саналат. 1985-жылы жасалганына карабай ал белгилүү бир ресурс болчу. Азыркы тапта ал кулаган жерде, көчкү жүрүү коркунучу бар аймакта турат. Аны абага көтөрүп алып келгенге мүмкүнчүлүк болбой жатат",- деди ал.
Ошондой эле өзү комиссиянын төрагасы экенин айтып, кечээ биринчи отурум болгонун маалымдады. Окуянын чоо-жайын иликтөө боюнча кадамдар аныкталганын кошумчалады. Ильяз Субанкуловдун айтымында, КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабында Ми-8 тик учагынан 4, Ми-24 үлгүсүндөгү тик учактан экөө бар.
Эске салсак, Ысык-Көлдөгү тоолордо Ми-8 үлгүсүндөгү тик учак кулап түшкөнү тууралуу маалымат айтылган. Бул боюнча КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы "18-июлда тик учактын экипажына Ысык-Көл облусунун 5000 метрден ашуун бийиктиктеги Түндүк Эңилчек аймагында акырегин сындырып алган альпинистти эвакуациялоо жөнүндө маалымат келип түшкөн. Куткарууга барган тик учак конуу учурунда шамалдын кескин, катуу өзгөрүүсүндө капталына жыгылып, көмкөрүлүп кетти" деген.