Өкмөт: “Мамлекеттик тейлөөлөрдү стандартташтыруу тейлөөлөрдүн сапатын жакшыртууга багытталган”

Мамлекеттик тейлөөлөрдү стандартташтыруу бир топ максаттарды көздөйт. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын өкүлү Куванычбек Шадыбеков билдирди.

Анын айтымында, аталган максаттарга негизинен тейлөөлөрдүн сапатын жакшыртуу, коррупция менен күрөшүү жана кардар менен кызматкердин байланышын төмөндөтүү кирет. “Мамлекеттик тейлөөлөрдүн стандарттары күчүнө кириши менен тейлөөлөрдүн сапаты тез учурда жогорулап кетет деп айтууга кыйын. Буга убакыт керек. Албетте, мамлекеттик мекемелер бул багытта иштерди жүргүзөт, анткени алар кызмат көрсөтүүгө кызыкдар. Ошол эле учурда стандарттар ишке ашпай калат деген коркунучтар да бар. Мындайга жеткирбеш үчүн тиешелүү токтомдо стандарттарды көзөмөлдөө боюнча эреже бар”,- деди Шадыбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан