Бүгүн, 22-июлдан тартып Ош шаарынын көчөлөрүндө унаа салыктарын тактоо жана убагында төлөө боюнча атайын рейд өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шаардын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Ош шаардык салык кызматына жана МАИнин кызматынын жетекчисине бюджетти толтуруу үчүн төлөмдөрдү убагында аткаруу боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө жеке таксилер жана маршруттук таксилердин ээлерине салыктарды убагында төлөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлмөкчү. Мындан тышкары Замирбек Аскаров ушул айга чейинки карыздарды толтуруу иштерин тезирээк жүргүзүүнү талап кылды.
Транспорт каражаттарына салык төлөө мөөнөтү 2014-жылдын 1-сентябрында аяктайт. Транспорт каражаттарынын ээлери жаңы бекитилген мөөнөткө чейин айып пулдарсыз салык төлөй алышат. Ал эми жаңы бекитилген мөөнөткө чейин салыктарды төлөбөгөн мүлк ээлерине, Администрациялык кодекске ылайык, 2 миң сомдон айып пул салынат. Андыктан бүгүндөн тартып шаардын көчөлөрүндө тынымсыз текшерүү иштери жүргүзүлмөкчү.