“Мамлекеттик тейлөөлөрдүн стандартынын аткарылышын коркутуу жолу менен көзөмөлдөө туура эмес”,- деди бүгүн, 22-июлда тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Өкмөт аппаратынын Кадрлар саясат башкармалыгынын жетекчиси Куванычбек Шадыбеков.
“Мамлекеттик тейлөөлөрдүн стандарты Кыргызстан үчүн жаңы багыт. Бардык жарандар ушул стандартты түшүнүш үчүн бир топ убакыт өтөт. Буга чейин алар мамлекеттик тейлөөлөрдү эскиче ала беришет. Мамлекеттик кызматкерлерди коркутуп, стандарттарды колдонууну талап кылуу туура эмес. Кандай чара көрсөтүш экендигин биз анализдеп чыгабыз. Албетте, аталган стандарттын аткарылышында жоопкерчилик болуш керек”,- деди ал.
Мындан тышкары К.Шадыбеков эгер мамлекеттик тейлөө аткарылбай жатса, райондук мамлекеттик мекемеге же тиешелүү министрликке арызданса болорун баса белгиледи.