Паспортундагы сүрөтүнө окшобогону үчүн Кыргызстанга кайта албаган жаран боюнча Орусиядагы элчилик нааразылык билдирди

Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги паспортундагы сүрөтүнө окшошпогон кыргызстандык Маратбек Эшанкуловдун мекенине кайта албай жаткандыгы боюнча Орусиянын Тышкы иштер министрлигине жана Башкы прокуратурасына нааразылыгын билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда аталган элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

“Маратбек Эшанкуловго карата негизсиз жана чектен чыккан иш-аракеттерди жасаган адамдарга тиешелүү чаралар көрүлүш керек, анткени алар адамдын укуктарын жана эркиндигин одоно бузушту” деп жазылууда кайрылуу катта.

Эскерте кетсек, “Орусиянын аймагына жасалма паспорт менен мыйзамсыз өттү” деп айыпталып жаткан Маратбек Эшанкулов 2014-жылдын 14-апрелинде Москва облусунун Домодедово шаардык соту тарабынан акталган. 11-июлда М.Эшанкуловдун жактоочусу Филипп Шишов прокурордун апелляциялык даттануусу боюнча соттук отуруму 22-июлга жылдырылгандыгын жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
aza.kg007
2014-07-22 15:57:37
Окшошой калыптырда арыктагангавы
0
Angel92
2014-07-22 16:08:29
Окшойт экен.
Мен да 10 кг дай арыктагам.Жарым сааттан ашык карап олтуруп,самолет учаарда эн акыры алпарып олтургузушкан.
0
nelli
2014-07-22 16:18:12

Мени наоборот Москвадан келгенимде Ош аэропортунда кармашкан " окшобойсун" деп))))))
+2
4ipildirik
2014-07-22 16:20:06
Окшош эле болуп турат го козу менен кашы
+2
meka93
2014-07-22 16:33:43
Окшошуп эле турат го.Алдагинтип обу жоктонгондорду сот жообуна тартышса. Акча умут этип атышат да. Кыргыздарды жоош деп эле каалагандарын кыла беришет. Опокшош эле болуп турат.
+4
tagokg
2014-07-23 10:38:02
meka93, акча кызыктырбайт аларды, бул резонансное дело, бул жерде "интерестер" ойноп атат. Орустар башын катырышууда, паспорттогу ошол адам экенин уже билишкен, куноолу дейин десе факты жок, актап чыгаралы десе оздоруно уят, кылмышты козгогон адамга кылмыш козголуп калышы мумкун. Ошондуктан булар ишти кечиктирип атышат, акыры куноолуу деп табат, СИЗОдо откоргон кунун санап, моонотун отоп бутту дегенсип боштондукка чыгарышат, бирок эч качан актап чыгабаса керек.
0
Jakai89
2014-07-22 17:00:17
Оозу муруттарыда окшошуп туратко .биздин чондор бут эле каридордо окушканда кичине бир нерсени чече албайт
+2
LISICHKA
2014-07-22 18:10:01
Москва мигранттардын канын соруп бутту.Байкуш бала акча таап уй-буломду багам деп аябай арыктаган экен
+3
jooshbala
2014-07-22 21:05:28
Ооба орусия адамды сөзсүз өзгөртөт....
Мен да бир жолу кырг га келип банктан акча алып атсам,аке кечиресиз бул сиз эмессиз деп кыйла болгонбуз.Анан кесирес Адыл аке аябай өзгөрүпсүз деп акчамды берген.
+1
nora00
2014-07-23 11:43:22
баарыле окшошуп туратго,кантип окшоштуралбай жатышат тушунбойсун,бир карагандале окшошго козу кашы мурду оозу,кулагы арыктаганы анан убакыт отуп азмаз карыганы болбосо
0
tabyshmak
2014-07-23 13:45:36
Окшош. "Арадан беш жыл отсо да картайбадым, озгорбодум..." деп ким айта алат?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан