Борбор калаада "Шаарга жашоо тартуулайбыз" долбоорунун алкагында балдар аянтчасы ачылды
Борбор калаадагы 8-кичи районунда "Шаарга жашоо тартуулайбыз" долбоорунун алкагында балдар аянтчасы ачылды. Ага вице-мэр Замирбек Малабеков, Октябрь райондук администрациясынын башчысы Камалдин Токтосартов жана башка коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Замирбек Малабеков аталган аянтчаны ачууга көмөк көрсөтүп, мэриянын демилгесин колдогондорго ыраазычылык билдирерин айтты. Шаардын кичинекей тургундарынын жашоосун жакшыртуу максатында жогорудагы долбоор менен шаарда 20дан ашуун аянтча куруу пландалган.