"Түндүк электр" ишканасынын маалыматына ылайык, эртең, 23-июлда Бишкектин жана Чүйдүн айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт.
Саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бөкөнбаев, Калык Акиев көчөлөрү, Жаш Гвардия бульвары, Чүй кең көчөсү, Сүйөркулов, Ахунбаев, Абай, Тыныстанов, Курманжан датка, Салиева көчөлөрүндө электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.
Ошондой эле саат 13:30дан 16:00гө чейин Дордой жаңы конушунда жарык өчүрүлөт. Мындан сырткары Чүйдүн Аламүдүн районунда (Васильевка, Луговое, Виноградное, Полевое, Көк-Жар айылдарында), Сокулук районунда (Токбай, Кызыл-Туу, Малая Шалта, Плодовое, Жал, Сарбан, Кашка-Баш, Күн-Туу, Орок айылдарында), Жайыл районундагы Суусамыр өрөөнүндө оңдоо иштери жүргүзүлгөндүктөн жарык өчөт.