Бүгүн, 22-июлда Латвиянын Юрмала шаарында "Жаңы толкун" Эл аралык сынагынын салтанаттуу ачылыш аземи өткөрүлдү. Сынакка Кыргызстандын намысын коргоп "Style Mix" триосу катышып жатат. Эстрада жылдыздарынан куралган коноктор салтка айланып калган кызыл килемден өтүшүп, “Дзинтари” концерттик аянтынан орун алышты. Андан соң фестивалдын түптөөчүлөрүнүн бири болгон композитор Игорь Крутой сынактын катышуучуларына ийгилик каалап, музыкалык сынак старт алганын жарыялады. Алып баруучулук милдетти Липа, Анна Семенович, Стас Костюшкин, Александр Ревва, Сергей Лазарев жана Лера Кудрявцева аркалашат. Көптөгөн жаш ырчылардын багын ачкан сынакты Орусиянын “Серебро” тобу ачып берди.
Бул күнү Валерий Леонтьев, Валерий Меладзе, “Серебро” тобу, Сергей Лазарев, Потап менен Настя, Леонид Агутин, Полина Гагарина, Нюша, Доминик Жокер, Анжелика Варум, Александр Буйнов, Денис Клявер, Роберто Кел, Жасмин, “Дискотека Авария” тобу жана башкалар чыгармаларын тартуулашты. Сынактын ачылышында ырдай турган орусиялык ырчылар Иосиф Кобзон, Олег Газманов жана сынактын калыстар тобунун мүчөсү Валерия аталган өлкөнүн тышкы иштер министри Эдгарс Ринкевичтин чечими менен "кара тизмеге" киргизилгенине байланыштуу катышышкан жок.
Орусиялык ырчылар чүчү кулак менен сынактын катышуучуларына сахнага канчанчы болуп чыгарын аныктап, тиешелүү номурларды алып беришти. Жыйынтыгында Кыргызстандын атынан катышып жаткан "Style Mix" триосу эртең дүйнөлүк хит ырларды аткаруу боюнча сынакта биринчи номур менен ырдап чыгышат.
Анда "Style Mix" триосу британиялык ырчы Jessie J`нин “Price tag” ырын аткарып сынакты ачып берет. Ал эми сынактын кийинки күндөрү “IOWA” тобунун “Жылмай” (“Улыбайся”) ырын жана Акжол Канатбековго жана москвалык акын Вениамин Борисовго, обону топтун мүчөсү Адилет Эркинбек уулуна таандык “Жыргал күндөргө умтулуу” ырына обон созушат.
Сынакта Кыргызстан, Орусия, Украина, Армения, Литва, Казакстан, Италия, Грузия, Германия жана Латвия мамлекеттеринин жаш аткаруучулары ат салышууда.
“Жаңы толкун-2014” сынагынын катышуучулары:Кыргызстан – “STYLE MIX” триосу
Армения – Сона Рубенян
Германия – Gladys Mwachiti
Грузия – Nutsa Buzaladze
Израиль – Сэм Он
Италия – Antonio Maggio
Казакстан – Алишер Каримов
Латвия – Стас Шуринс
Литва – Моника Линките
Молдова – Исак Лидия
Орусия – “О’Генри” тобу, Юлия Плаксина жана Нодар Ревия
АКШ – Тайшон Колкуит (Tyshawn Colquitt)
Украина – Виктория Петрик жана Вячеслав Рыбиков
Концерттик программа: (Бишкек убактысы боюнча)
22-июль, 23:00 – Фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземи.
23-июлдан 24-июлга караган түнү 01:50 – Сынактын биринчи күнү. Дүйнөлүк хит ырларын аткарышат.
24-июлдан 25-июлга караган түнү 01:50 – Сынактын экинчи күнү. Өз өлкөсүнүн хит ырларын аткарышат.
25-июлдан 26-июлга караган түнү 00:50 – Алла Пугачёванын чыгармачылык кечеси.
26-июлдан 27-июлга караган түнү 01:20 – Сынактын үчүнчү күнү. Жаңы чыгарылган ырларды аткарышат.
27-июлдан 28-июлга караган түнү 00:50 – Фестивалдын жабылышы. Гала-концерт коюлуп, жеңүүчүлөр сыйланат.