Бүгүн, 23-июлдан 31-июлга чейин Бишкек-Торугарт автоунаа жолунун Боом капчыгайындагы бөлүгү маал-маалы менен жабылат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, жолдун 119 жана 132-чакырымдарында таштарды күч менен түшүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу унаа жана темир жол каттамдарына коркунуч жаратат.
Ал эми оңдоо иштери бүткөрүлгөнгө чейин Жол-кайгуул кызматы саат 10:00дөн 15:00гө чейин жолду жабат. Учурда Боом капчыгайында тиешелүү техникалар иштеп жатканы айтылды.