Оштогу эстакадалык көпүрөнүн курулушунун 1-этабы август айынын башында аяктайт. Мындай маалыматты бүгүн, 23-июлда вице-мэр Жапарбек Ормонов көпүрөнүн курулушу менен таанышуу учурунда билдирди.
Анын айтымында, учурда курулуш иштери кызуу улантылып, жер алдындагы канализация иштери жүргүзүлүүдө. Ал курулуштун жүрүшүндө мурдагы эски жолдун алдындагы канализацияларды алып, кайрадан орнотуу бир топ убакытты талап кылгандыгын айтат. Ал эми курулуштун негизги бөлүгү 20-августтан тартып башталары пландалып жатканын кошумчалады вице-мэр.