Орусиянын Москва облусунун соту паспортундагы сүрөтүнө окшошпогон кыргызстандык Маратбек Эшанкуловду актоо боюнча Домодедово шаардык сотунун өкүмүн мыйзамдуу деп тапты. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда социалдык тармактар аркылуу жарандын адвокаты Филипп Шишов билдирди.
“Судья менин өтүнүчүмө көңүл бурбай, Маратбектин паспортун бербей койду. Эми кылмыш иштин Москва облусунун Домодедово шаардык сотуна кайтарылып берилишин күтөбүз. Анткени ошондо гана Марат паспортун алып, өз мекенине кете алат”,- дейт жактоочу.
Эскерте кетсек, 2014-жылдын 14-апрелинде Домодедово шаардык соту кыргызстандык жаран Маратбек Эшанкуловду актаган. Ал паспортундагы сүрөтүнө окшошпогондугунан 2011-жылдан бери Кыргызстанга кайта албай Орусияда жашап жатат.