"Кыргызстан-Астана" кыргыз этномаданий бирикмеси аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына колдоо көрсөттү

Астана шаарындагы "Кыргызстан-Астана" кыргыз этномаданий бирикмеси, Казакстандын элдер ассамблеясы 22-июлда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына колдоо көргөзүү максатында "Кайрымдуулук аркылуу биримдикке" акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу "Замандаш" ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди. 
Иш-чаранын алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн келген 30 балага эс алуу боюнча шарт түзүлүп берилди. Балдар үчүн оюн-зооктор, сынактар уюштурулду. Укук коргоо органдары балдарга жолдо жүрүүнүн эрежелери жана коомдукту тартипти сактоо боюнча айтып беришти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан