Кыргызстандын атынан катышып жаткан "Style Mix" триосу "Жаңы толкун" сынагынын биринчи күнүндө 10-орунду ээледи

23-июлдан 24-июлга караган түнү Латвиянын Юрмала шаарында "Жаңы толкун" Эл аралык сынагынын биринчи күнүндө катышуучулар дүйнөлүк хит ырларын аткарышты. Сынактын биринчи күнүнүн көрсөткүчүнүн жыйынтыгында Кыргызстандын атынан катышып жаткан "Style Mix" триосу 61 упай менен 10-орунду ээледи.
Катышуучулардын таланттарына Игорь Крутой баш болгон калыстар тобу баа беришти. Алардын катарында Леонид Агутин, Лайма Вайкуле, Филипп Киркоров, Игорь Николаев, Валерий Меладзе жана Константин Меладзе бар. Катышуучуларга калыстардын ар бири максималдуу 11 упай бере алышат. Кыргызстандын намысын коргоп жаткан топко көпчүлүгү 8 упай берсе, ага-ини Меладзелер 10 упайдан беришти.  
Ал эми биринчи орунду 76 упай алган грузиялык ырчы Нуца Бузаладзе ээледи. Экинчи орунга 73 упай алган үч ырчы: украиналык Виктория Петрик менен Вячеслав Рыбиков жана казакстандык Алишер Каримов ээ болушту. Үчүнчү орунда 72 упай менен Орусиянын атынан катышып жаткан Нодар Ревия келе жатат. 
Сынактын ачылыш аземинде орун алган чүчү кулактын жыйынтыгында кыргызстандык "Style Mix" триосу биринчи болуп сахнага чыгары белгилүү болгон. "Style Mix" триосунан башка 3-номур менен сахнага чыгып Германиянын намысын коргогон Гледис Дамарис да 61 упай алган. Бул биринчи эле күндүн жыйынтыгы. Алдыда дагы эки конкурстук күн бар. Анда катышуучулар өз өлкөсүнүн хит ырларын жана жаңы чыгарылган ырларды аткарышат. Мекендештерибиздин алдыга чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. 
22-июлда старт алган "Жаңы толкун" Эл аралык сынагында Кыргызстан, Орусия, Украина, Армения, Литва, Казакстан, Италия, Грузия, Германия жана Латвия мамлекеттеринен келген 16 жаш аткаруучу ат салышууда.
Жаңы толкун-2014: "Style Mix" Кыргызстан (24.07.14)
"Жаңы толкун-2014" - Нуца Бузаладзе
"Жаңы толкун-2014" - Вячеслав Рыбиков (Украина)
"Жаңы толкун-2014" - Виктория Петрик (Украина)
"Жаңы толкун-2014" - Нодар Ревия (Орусия)
"Жаңы толкун -2014" - Алишер Каримов (Казакстан)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (34)
Анжелика Бекболиева
2014-07-24 14:17:52
Ысык салам Юрмаладан,мекендештер!!!ар бир аткаруучунун репертуарын,кыймылын,кийимин-режиссер озу тандайт экен.Абдан сонун,татыктуу олкобузду тартуулашты.Азаматтар!!!Бугун 2-кун!!!Куч-бирдикте,бир бололу!!!Добуш бериниздер!!!Колдонуздар!!!
-3
aibek93
2014-07-24 14:54:51
ИИ бул уну жок Анжелика да кошулуп алган бы ? Бул кыздын жолу жаман деп укчумун ана корок Гулнур эже барса болмок поддержка болуп, авторитеттуурок. дагы Кыргызстан артта калат турбайбызбы !!!
+4
nsk-mk
2014-07-24 19:05:24
aibek93, Айбек эмес, Айгул экенсин! чыныгы эркек болсон Анжеликаны баалайт элен.
-7
aibek93
2014-07-24 22:47:37
nsk-mk, Украина, Казахстан, Грузия, Россиянын ырдаганын карагылачы, туурасын айтса эле чычалайсынар, бизден деле жакшы ырдагандар барып Кыргызстаныбызга оорун алып келсе деген ой. Арсендин былтыр оорун албай калганы, Анжеликанын унунун жогун элдин баары билет,чыныгы эркек болуп уну жогуна карабай башка жагын баалапсын ал сенин эркин. Мен таланттуу Каныкейди, Роза Ш.Салтанатты, баалайм. эмнеси болсо да Кыргызстанабыз эн акыркы орундарда болгону окнучтуу
+6
berekeshka
2014-07-24 15:06:31
Азамат Анжелика мына эми озундун ордунду тааптырсын.Ырдаганда унун жок уят болуп калып жаттын эле. Ушунтип жакшы ырдаган жаштарды колдоп спонсор болуп продюсерлык кылсан жарашчудай.
+8
merkel
2014-07-24 16:14:25
ой тобооо, куч бирдикте деп кучунор эмне 10чу орунга жеттиби, болгону 16 олко болсо.
+5
berekeshka
2014-07-24 16:52:45
merkel, Арсен деле былтыр начар ырдаган, орто заар ырчылардын топтолуп алганын карабайсынбы. Жок дегенде 4 5 болушса болмок. Булардын ырынан пиары коп болду, merkel бул команданын кучу 10 анан 16
+7
Анжелика Бекболиева
2014-07-24 16:51:22
Дагы тооолтура буйруса ырларым ,клиптерим чыгып жатат....ушинтип мага дем-куч берип журо бергиле!!!Мен патриотмун деген инсандар 9686 номерине NW107 деген созду жонотуп,"Style Mix "ке колдоо корсотунуздор:))Алдын ала рахмаааааааат:))Мен сиздерди суйом:))
0
Nuska587
2014-07-24 16:56:30
Анжелика!!! Вообще молодец экенсин! Ичи тарларды очуруп жооп берип! Ушунунан жазба!Сага ийгилик каалайм! Ичи тарлар канчалык коп болсо, ошончолук ойдо чыгасын :))
-6
admin_portal
2014-07-24 16:57:44
nurizka.. - эскертүү!
Курамы окшош сайттарга шилтеме берүүгө тыюу салынат.
-3
fea1990
2014-07-24 17:04:13
Мынчаеле Анжеликаны коралбайсынар.
-2
aikol87
2014-07-24 17:05:46
Анжелика акылдуу,сулуу айым. Куйруктан куру калгансып Арсен м Анжеликага асылыпсынарго. Алга дагы шанс бар, жакшы ниет,жарым ырыс дей беле.
-2
Aipri
2014-07-24 17:26:27
Кыргыздар бири-бирибизди минтип ооз ачса эле басынта бергенибиз туура эмес гоо. Жеништен да биринчиден катышкандык. Азаматтар.
-1
Mairam1991
2014-07-24 19:28:05
Басков айткандай, билеты дорогие)))) ошого Кыргызстандан Анжелика эле барган го))))Башка эле ыр тандашса болмок,жакшы ырдашкан жок,анан ырдагандан мурда стилисттерге бир кайрылып койсонор болмок((((( учоонун тен костюму начар!!!
+2
danko2013
2014-07-24 20:53:14
мышык майга жетпей сасык дептир болбой кыйын болсонор озунор чыгып онорунорду корсотпойсунорбу анда. Анжелика азамат алга ичи куйгондор туз жалашсын. ушундай коро албас адамдарыбыздын коптугунон кыргызстан алга жылбайт да
0
lolalola
2014-07-24 22:42:08
Negativnyi kommentariy kaltyrgandar yrchchylar dep oiloim, birin biri koro alyshpai...
Bizdin gruppa maga abdan jakty, bolgonu eki jigitibizdin okshosh kiyinip algany jakkan jok i kiyingen kiyimderi da nachar, eski moda...
Emi bul konkursta albette orustar ozdoruno tartat, ukrainadagy abaldy ozubuz biliebiz, demek ukrainaga da koshumcha + dar berilet, gruziaga menen meladzelerdi bailanyshtyrsak bolot, anan dagy bul konkurs sayasattashkan konkurs..latviyada orus tilin karmap turuu deg
-1
semakg
2014-07-25 01:00:02
Мыкты балдар андан коро баарыбыз колдоп турайлы? Куч биримдикте антип жаман комент жазганынар болбойт. Андан коро вуман.ру сайтына кирипда добуш берип койгула бекер, телефондон кирип берсенерда болот учунчу орунда турат азырынча келгиле достор колдоп коелу сураныч! (Сайтты шилтеме кылуу туура эместигине байланыштуу кыргызча жаздым)
-1
Altysh_Boldush
2014-07-25 06:45:55
кулук ат кийин чабат. буйруса алдынкы орундарды алып келет деген ойдомун. и ишенем. ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан