Орозо айт 29-июлга белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда
SUPER.KG порталына КРнын Муфтиятынын башчысы
Максатбек ажы Токтомушев билдирди.
Айта кетсек, буга чейин Кыргызстан дин башкармалыгынын басма сөз кызматы 24-июлдан 25-июлга караган түн Кадыр түн деп белгилене турганын маалымдаган. Ал эми Орозо айт 29-июлга, Курман айт 4-октябрга белгиленери айтылган.