“1991-жылы Кыргызстанда 30 мечит болсо, бүгүнкү күнү 1700гө чейин көбөйүп кетти” дейт адис Владимир Школьный

“Кыргызстан 1991-жылы көз карандысыздыгын алганда 30 мечит жана 20 чиркөө болсо, бүгүнкү күнү 1700 мечит жана 300 чиркөө бар”,- деди бүгүн, 24-июлда маалымат жыйынында дүйнөлүк дин боюнча адис Владимир Школьный.

Анын айтымында, диний мекемелер чет өлкөлөрдөн келген акча каражатына курулган. “Мындан тышкары чет өлкөлөрдө билим алган дин ишмерлери кыргызстандыктарды окутуп жатышат. Алардын арасында радикалдык жана экстремисттик күчтөр бар. Мындай көйгөй Кыргызстандын түштүк аймагында өтө курч болууда”,- деди адис.

Мындан тышкары ал үстүбүздөгү жылдын февраль айында түштүктө 1984-1991-жылкы жигиттер кармалганын баса белгиледи. “Алардын өлкөбүздө террорчулук иш-аракеттерди өткөрүүнү пландаганы аныкталган. Кошумчалай кетсем, учурда Сирияда жана Египетте согушка катышып жүргөн мекендештерибиз бар экени белгилүү. Мунун баары диндин терс жагы”,- деп билдирди В.Школьный.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
tairermatov
2014-07-24 13:39:31
Ошончо кобойгон болсо Альхамдулиллах!!!! Э мынабу оруска не жок дейм да...эрттен ушунун созун колдогон саткындар чыгат кыкендерден.
+1
kilim
2014-07-24 13:48:28
Диндида ептеп кысалбай шылтак айтып ататта
+1
Survey
2014-07-24 15:03:37
школьный динди коюп башка ишинди кылчы.мечит кобойсо сага мне?мусулмандар учун жакшы жоролго
+1
tairbek.
2014-07-24 16:20:39
ты кто такой Школьный давай досвидания.
0
nsk-mk
2014-07-24 18:52:01
В.Школьный школду окуган белен? "кобойуп кетти" деп тынчсызданбай мечиттердин зыяны боюнча доказания келтирчи??? Иншаллах! кобойо берсин мусулмандар...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан