Иш-чаранын максатты - ислам дини тууралуу түшүнүк берүү. Ага 18 жаштан өйдө жарандар катыша алат. Катышуучулар “Дин”, “Куран”, “Ислам жашоодо”, “Ислам маданиятта”, “Ислам спортто”, “Ислам жана аял” жана башка 10 тематика боюнча эмгектерин жиберсе болот. Баш байге ээси Түркия мамлекетине барып келүүгө жолдомо алат.
Сынак 12-августка чейин жүргүзүлөт. 14-августта Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде бет ачар аземи болот.