Ысык-Көлдө эс алуу жайларын экологиялык жана техникалык текшерүү убагында 108 укук бузуу табылды

Ысык-Көл облусундагы эс алуу жайларын экологиялык жана техникалык текшерүү убагында 108 укук бузуу табылып, эскертүүлөр берилди. Мындай маалыматты бүгүн, 24-июлда облустук бириккен комиссиясы билдирди.

Анда айтылгандай, Ысык-Көл, Тоң райондору жана Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары боюнча Региондук экотехникалык коопсуздук инспекциянын башкармалыгы 2013-жылдын текшерүүлөрүнүн жыйынтыктарына таянып ар бир эс алуу жайына план-тапшырмаларды 2014-жылдын январь-февраль айында таркатып чыккан. Пландын негизинде даярдыктар текшерилип, экологиялык жана техникалык абалы начар эс алуу жайларына Экономика министрлигинин Ысык-Көл облусундагы бөлүмү менен макулдашылып, текшерүүлөр өткөрүлгөн. Текшерүү убагында 108 жалпы укук бузуу табылган. Экология коопсуздугу боюнча 26, жерди пайдалануу боюнча 9, архитектура жана курулуш боюнча 2, энергетика боюнча 20, эмгекти коргоо боюнча 10, өрт көзөмөлү боюнча 39, өнөр жай көзөмөлү боюнча 2 укук бузуу катталган.

Иш пландар негизинен экологиялык, энергетикалык, өрткө каршы, өндүрүш, эмгек коопсуздуктарын жана курулуш эрежелерин, жер мыйзамдарынын талаптарын сактоо жана аткаруу боюнча каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан