Кыргызстанда диний-экстремисттик күчтөргө каршы басылма чыгарылды

Бүгүн, 24-июлда маалымат жыйынында дүйнөлүк диндер боюнча адис Владимир Школьный “Дүйнөлүк тарыхтагы диндер” аттуу басылмасын жарыялады.

“Бул басылманы чыгарууга 8 жыл эмгектендим. Жаштар менен форумдарды жана тегерек столдорду өткөрүп, изилдөөлөрдү жүргүзгөм. Учурда жаштарга дин ишмерлери туура эмес, терс билим берип, Сириядагы согушка барууга милдеттендирип жатышат. Менин басылмамдын негизги максаты – дин боюнча туура маалымат берүү”,- деди ал.

Мындан тышкары В.Школьный басылма мектептерге жана жогорку окуу жайларга таратыларын белгиледи. “Демилге КРнын Дин маселелери боюнча комиссия тарабынан колдоо тапкан. Жакынкы арада басылманын нускасын көбөйтүп, түштүк аймактарда таратууну пландап жатабыз”,- деп түшүндүрдү ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nuriss
2014-07-24 13:46:50
Озу бул мусулман кишиби, кандай китеп таркатат болду екен
0
Nuriss
2014-07-24 14:23:37
Мектептерге дин сабагын киргизгенде туура тушунук болот , орустар китеп таркатып бизди динден чыгаргысы келет, биз мн иши не булардын биз егемендуу мамлекетпис озубуз чечишибиз керек , туугандар ойлонуп коргуло емне биздин динге орустар киришиш керек , анысы деле мусулмандарды жаман корсотуп кино тартышат калп жерден екстримис кылышат
0
Beka.
2014-07-24 15:09:12
Эми ушул орустан исламды уйронобузбу?! Кайдагы бир християнды ээрчийбизби?! Исламды бурмалашат булар!
0
kursantbek
2014-07-24 15:38:25
кыргызстандагы орусстардангоо ислам динин туткан Крнын дин маселелери боюн комиссиясы тарабынан колдоо тапса ислам дини боюнча жазылган китепта !!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан