Бүгүн, 24-июлда Бишкекте “Оймо-2014” фестивалынын алкагында аймактык конференция өткөрүлөт. Ал эми фестиваль 25-июлда Бишкектеги Эркиндик бульварында старт алып, 28-июлдан 3-августка чейин Чолпон-Атада орун алат. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Фестивалда 120дан ашуун кол өнөрчүлөр өзүлөрүнүн продукцияларын жарманкеге коюшат. Аймактан келишкен мыкты кол өнөрчүлөр мастер-класс, дизайнерлер этно стилиндеги моделдерин көрсөтүшөт, жаш сүрөтчүлөр жана акындар арасында сынактар жүргүзүлөт. Фестиваль аянтчасында искусство ишмерлери жана Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын өз демилгелүү жамааттары өнөрлөрүн тартуулашат, жаштар экологиялык акция уюштурушат.
Иш-чаранын максаты Кыргызстандагы кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, салтты калыбына келтирүү, маданий мурастарды сактоо жана Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдүн аймагын экологиялык таза туризмге айландыруу болуп саналат.