25-26-июль күндөрү Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Мекендештер-2014: Кыргызстандын келечегине салым кошуу” аталышында форуму өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган форумда 20 мамлекеттен 200дөн ашуун адам катышат. Алардын арасында жеке ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият тармактарынын өкүлдөрү жана студенттер бар. Иш-чаранын негизги максаты чет өлкөдөгү мекендештер менен таанышып, алардын тажрыйбасы менен бөлүшүү жана өз ара пикир алышуу болуп саналат.
Мурдагы президент Роза Отунбаева негиздеген «Роза Отунбаева демилгеси» Эл аралык коомдук фонду жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2012-жылдын 2-3-августунда Кыргызстандын борбор шаарында кыргызстандыктардын биринчи «Мекендештер» форуму өткөрүлүп, ага дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген кыргызстандыктар жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышышкан.
Эки жыл мурун өткөн форумдун алкагында Улуттук филармонияда концерт өтүп, анда эл аралык сынактардын лауреаты, пианист Азамат Сыдыков жана скрипка чеберлери Райхан менен Андреас Айзенхуддар классикалык чыгармаларын аткарышкан.