Кыргызстанда өткөн жылга салыштырмалуу жакырчылыктын чегинде жашаган үй-бүлөлөрдүн саны 4,6 пайыздан 2,8 пайызга чейин кыскарды. Бул тууралуу 24-июлда Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
2013-жылы 159 миң адам жакырчылыктын чегинде жашайт деп белгиленген. Социалдык жардамдардын өз дарегине жетишинен улам аталган көрсөткүч кыскарууда. Социалдык колдоо көрсөтүү 2012-2014-жылдардагы калкты социалдык жактан коргоо стратегиясынын алкагында жүрүүдө. Жыл башынан бери кош бойлуулук жана төрөт боюнча 14,3 миң адамга жардам көрсөтүлдү. Жалпысынан 119,3 миллион сом каражат каралса, 1602 адамга сөөктү жерге берүүгө каржы жактан жардам берилди.