Бишкектеги №72-карылар үйүндө жашаган Алтымыш Курманалиев менен Кален Төрөгелдиев аттуу аксакалдар бүгүн, 24-июлда эртең менен ачкачылык жарыялашты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына карылар үйүнүн жетекчисинин орун басары Самат Шатманов билдирди.
Анын айтымында, ачкачылык жарыялагандар өз бөлмөлөрүнө тамак алып кирип берүүнү талап кылып жатышат.
“Бизде жалпы 206 карыя жашайт, алар үч топко бөлүнөт. Биринчи топтогулар такыр баса албай, ордунан тамактангандар. Экинчиси - алсыз, басып-турууда кыйналышат, үчүнчү топтогулардын ден соолуктары жакшы. Мына ошол ачкачылык жарыялагандардын ден соолуктары дурус. Бирок алар "бизге да тамакты бөлмөгө алып кирип бергиле" деп талап кылып жатышат. Эгерде 1-кабатка түшүрсөк, биз аларга атайын тамак алып барып, алдына коюп беребиз. Анан да бул эки карыя эч кандай арыз жазбай туруп эле бүгүн эртең менен ачкачылык жарыялап алышты”,- дейт Шатманов.