Бүгүн, 24-июлда КРнын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Коргоо жана конвой департаментинде 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар боюнча соттук отурумда далилдерди жана жүйөлөрдү келтирүүчү бөлүк башталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жабырлануучу тараптын өкүлү Осунбек Жамансариев билдирди.
Анын айтымында, соттолгондорго өкүмдүн акыркы чечими эртең чыгарылышы күтүлөт. “Соттук отурум эч кандай дүрбөлөңсүз, тынч өтүп жатат. Отурумдар саат 10до башталып, кечки саат 4тө аяктоодо”,- деди ал.
Айта кетсек, төрт күн мурун, 21-июлда судья Дамир Оңолбеков өкүмдү окуп баштаган. 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларда жабыр тарткандардын саны 300дөн ашуун. Аталган окуялар боюнча 28 адам айыпталууда.