Бишкекте “Гүлдөгөн Кыргызстан” аттуу көргөзмө ачылды (фоторепортаж)

Бүгүн, 24-июлда Бишкектеги соода түйүндөрүнүн биринде икебана искусствосу боюнча “Гүлдөгөн Кыргызстан” аттуу көргөзмө ачылды. Анда Орусияда икебана искусствосу боюнча сабак берген Чынара Мундузбаева жана анын окуучуларынын көз жоосун алган эмгектери коюлду.

Икебана – гүлдөрдү кооздоо боюнча япондордун салттык искусствосу. Анда кесилип алынган гүлдөрдөн композиция жаратып, интерьерге орнотушат. Икебананын түпкүрүндө жөнөкөй көркөмдүктү, табигый сулуулукту ачып берүү камтылган.

Кошумчалай кетсек, икебана искусствосу боюнча жакында Чынара Мундузбаева окуучуларга, студенттерге, шаар тургундары жана конокторго гүл кооздогонду үйрөтүп, мастер-класс өткөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Inwallah88
2014-07-24 16:29:16
Кандай соонун гулдор
+3
Lavanda
2014-07-24 20:09:19
Көргөн көздөр кубанат.
+2
insap
2014-07-25 09:12:00
Бах, чыркын! гүлдөрдүн кооздугунан көз уйалат екен! Кыргызстан тынымсыз гүлдөсүн, өссүн!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан