Бүгүн, 24-июлда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын аскер кызматкерлери Орусиянын Алабино полигонунда өтчү “Танкалар биатлону-2014” мелдешине жөнөштү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, акыркы 6 айдын ичинде мелдешке даярдоо иштери активдүү түрдө жүргүзүлгөн. Катышуучу топтун башчы кызматына полковник Андрей Ли дайындалса, экипаждардын башкы машыктыруучусу болуп подполковник Мурат Матраимов тандалды.
Эскерте кетсек, “Танкалар биатлону” 4-16-август күндөрү өтөт. Ага 15 мамлекет катышат: Орусия, Казакстан, Индия, Ангола, Никарагуа, Сербия, Кытай, Венесуэла, Пакистан жана башкалар.