Бүгүн белгилүү публицист Алым Токтомушев 67 жаш курагында дүйнө салды

Бүгүн, 24-июлда белгилүү публицист Алым Токтомушев 67 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу маркумдун жакындары билдиришти. 

Алым Токтомушев Мелис Эшимканов менен кыргыз журналистикасында узак жылдар чогуу иштеген. Ал 1990-жылдардан тартып бир топ эркин басылмаларда аналитика жанрында эмгектенген. Анын “Эски дептер”, “Жолдогулар” деген ыр жыйнактары жана “Салижан Жигитовдун сабактары” аттуу публицистикалык китеби коомчулукка кеңири тараган. Алым Токтомушев 1947-жылы Жумгал районунун Кайырма айылында төрөлгөн.  

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты публицист Алым Токтомушевдин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
senmen
2014-07-24 19:40:21
Жайын жанаттан болсун! Кыргыз журналистикасына озгочо чыйыр салган, аналитикалык маалыматы эн мыкты жазган асыл киши эле кайран Алыке!
+3
bessmertnyi
2014-07-24 22:07:49
Эх Алыке! Жаткан жериниз жайлуу, топурагыныз торко болсун! Алыке менен бир ирет учрашкан элем. Менин лекциконума "МАСЕЛЕН" деген соз так ушул Алыкенин жазгандарынан улам кирген эле. "МАСЕЛЕН" деген созду коп колдончу эле.
+1
insap
2014-07-25 09:02:33
Жакшыны да жаманды да, шылуунду да байкушту да ичер суусу, көрөр күнү бүткөндө бир дакыйка калтырбай ала турган ажал...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан