24-июлдан 25-июлга караган түнү Латвиянын Юрмала шаарында "Жаңы толкун" Эл аралык сынагынын экинчи күнүндө катышуучулар ө
з өлкөсүнүн хит ырларын аткарышты. Сынактын биринчи күнүнүн көрсөткүчүнүн жыйынтыгы жана экинчи күндүн жыйынтыгы кошулуп, Кыргызстандын атынан катышып жаткан "Style Mix" триосу 127 упай менен 10-орунда келе жатат.
Белгилей кетсек, катышуучулардын таланттарына Игорь Крутой баш болгон калыстар тобу баа беришүүдө. Алардын катарында Леонид Агутин, Лайма Вайкуле, Филипп Киркоров, Игорь Николаев, Валерий Меладзе жана Константин Меладзе бар. Катышуучуларга калыстардын ар бири максималдуу 11 упай бере алышат.
Ал эми 151 упай алган грузиялык ырчы Нуца Бузаладзе 1-орунун сактап калды. 2-орунга 150 упайдан алган украиналык ырчылар Виктория Петрик менен Вячеслав Рыбиков ээ болушса, Орусиянын атынан катышып жаткан Юлия Плаксина 145 упай алып, алдынкы үчилтикке кире алды.
Кыргызстандын намысын коргоп жаткан "Style Mix" триосу тогузунчу болуп сахнага чыгышты. "Style Mix" триосунан кийинки орунда Германиянын намысын коргогон Гледис Дамарис да 126 упай менен келе жатат. Конкурстун үчүнчү күнүндө катышуучулар 26-июлдан 27-июлга караган түнү жаңы чыгарылган ырларды аткарышат. Мекендештерибиздин алдыга чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.
22-июлда старт алган "Жаңы толкун" Эл аралык сынагында Кыргызстан, Орусия, Украина, Армения, Литва, Казакстан, Италия, Грузия, Германия жана Латвия мамлекеттеринен келген 16 жаш аткаруучу ат салышууда.