Илимдер академиясында Алыкул Осмоновдун энциклопедиясы чыгарылат

24-июлда КРнын Улуттук илимдер академиясында академик А.Акматалиевдин демилгеси менен акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата энциклопедия чыгаруу боюнча чечим кабыл алынды.

Аталган академиядан билдиргендей, энциклопедия улуу акын Алыкул Осмоновдун өмүр баянына, чыгармачылыгын анализдөөгө, чыгармадагы прототиптерине, сүрөттө, музыкада, театрда, педагогикадагы ордуна, телерадиоберүүлөрдө чыгармаларынын берилүүсүнө байланыштуу материалдарды даярдоо жана башкаларга арналат.

“Жакында жарыкка чыккан “Токтогул энциклопедиясы” азыр көпчүлүктүн жылуу пикирине ээ болууда. Мына ошондой эле ишти Алыкул Осмоновдун энциклопедиясын түзүүгө арнасак деп турабыз”,- дейт энциклопедияны түзүүнүн демилгечиси, вице-президент, академик А.Акматалиев. 

Энциклопедиянын багыттарын белгилөөдө Илимдер академиясынын гуманитардык жана экономикалык бөлүмүнүн жана жогорку окуу жайлардын окумуштуулары катышмай болушту. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Begim8678
2014-07-28 10:15:17
Абдан кубанычтамын.:)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан