“Кыргызстандыктардын арасында эмгек миграциясы боюнча 2 негизги чындыкка туура келбеген кептер айтылууда”,- деди бүгүн, 25-июлда “Мекендештер-2014” форумунун жүрүшүндө миграция боюнча адис Асел Мурзакулова.
“Биринчиси - “миграция коомдогу оор абалды жакшыртат” деген кеп. Буга ишенгендер “миграция бардык көйгөйлөрдү чечет” деп ойлошот. Мындан улам өкмөт өлкөдө жумушчу орундарды ачууга толугу менен аракет кылбай жатат”,- деди адис.
“Экинчиси - “мигрант чет өлкөдө керектүү акча каражат топтоп, кайра мекенине кайтат” деген кеп. Көпчүлүк мигранттар чет өлкөдө ийгиликке жеткен соң, ошол жакта калып жаткандыгы байкалууда. Бул абдан коркунучтуу көрүнүш, анткени миграция эммиграцияга өтүп жаткан тенденцияга баратат”,- деп түшүндүрдү А.Мурзакулова.