Бүгүн, 25-июлда Бишкектеги Эркиндик бульварында “Оймо-2014” фестивалы старт алып, Борбор Азия, Орусия, Түркия, Индия, Ооганстан, Кытайдан келишкен 150дөн ашуун кол өнөрчү өзүлөрүнүн продукцияларын жарманкеге коюшту.
Иш-чаранын максаты - Кыргызстандагы кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, салтты калыбына келтирүү, маданий мурастарды сактоо жана Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдү экологиялык таза туризм аймагына айландыруу.
Жарманкеге коюлган эмгектердин арасынан Өзбекстан өлкөсүнүн чеберлеринин, Бишкек, Ош шаарларынын карапачыларынын эмгектерин, кыргызстандыктардын жибектен жасалган буюмдарын, казакстандыктардын зер буюмдарын, тажик элинин салттык сайма саюу искусствосун көрүүгө болот.
Фестивалдын алкагында аймактан келишкен мыкты кол өнөрчүлөр мастер-класс, дизайнерлер этно стилиндеги моделдерин көрсөтүшөт, жаш сүрөтчүлөр жана акындар арасында сынактар жүргүзүлөт. Фестиваль аянтчасында искусство ишмерлери жана Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын өз демилгелүү жамааттары өнөрлөрүн тартуулашат, жаштар экологиялык акция уюштурушат.
Белгилей кетсек, бул жарманке 28-июлдан 3-августка чейин Чолпон-Атада орун алат.