Орозо айтка байланыштуу кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү бекеттери убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы бүгүн, 25-июлда билдирди.
Маалыматка караганда, “Торугарт” өткөрүү бекети 29-июлда, ал эми “Эркеч-Там” өткөрүү бекети 28-29-июль күндөрү убактылуу жабылат. Мындай демилгени Кытай Элдик Республикасы көтөргөн.