Бишкектеги Улуттук китепканада төкмө акын Алымкул Үсөнбаевдин 120 жылдыгына арналган “Өмүрүңдү, ырыңды, калкың үчүн арнадың” аттуу китеп көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда аталган китепканадан билдиришти.
Көргөзмөгө акындын китептери, поэмалары, дастандары, ал тууралуу гезит жана журналдарга жарыяланган эскерүүлөр коюлду.
Алымкул Үсөнбаев 1896-жылы Таластын Кара-Арча айылында туулган. Ал ырчылыкка 13 жаш курагында кирише баштаган. 14 жашында улуу акын Токтогулга жолугуп, андан таалим алган. Кыргыз мамлекеттик филармониясында иштеген. Анын “Шахтёрлорго”, “Устага”, “Энеге”, “Жаз көркү”, “Түштүк туугандарга”, “Баатырдын анты”, “Баратат кыргыз дүңгүрөп”, “Өлүмгө – өлүм”, “Жеңе жүрдүк, жеңебиз”, “Барчын менен кулаалы”, “Панфиловду эскерип”, “Жеңиш” жана башка чыгармалары бар.
Алымкул Үсөнбаевдин чыгармаларынын дээрлик үчтөн бири балдарга арналган. Анын ырлары, тамсилдери, поэмалары, жомоктору балдар адабиятына кошкон баалуу салым болуп эсептелет. Акындын ырларынын белгилүү бөлүгү балдардын турмушун көркөм сыпаттайт. Бөбөктөрдүн шатыра-шатман, жайдары маанайлары, бейкапар өсүп, тарбияланып жаткан куунак жашоосу жүрөктө уюп калардай деңгээлде ырдалат. Тынчтыктын бекем тиреги болгон совет элинин күчүн туюндуруп, балдарды терең билим алууга, ар кыл өнөр, кесипке ээ болууга үгүттөп ырдоо боюнча Үсөнбаевдин чыгармаларынын көркөм тарбиялык мааниси зор. Акын 1963-жылы дүйнөдөн өткөн.