"Жаңы толкун-2014": Алла Пугачёва чыгармачылык кечесинде сүйүнүчтөн көзүнө жаш алды

25-июлдан 26-июлга караган түнү Латвиянын Юрмала шаарында "Жаңы толкун" Эл аралык сынагынын алкагында Алла Пугачёванын чыгармачылык кечеси болуп өттү. Ага катышкан Орусия менен Украинанын ырчылары примадоннанын ырларын аткарышты. Кечени Алла Пугачёванын жолдошу, пародист Максим Галкин алып барды. 

Кристина Орбакайте, Дима Билан, Потап менен Настя, Лолита, Николай Басков, Любовь Успенская, Лайма Вайкуле, Валерий Меладзе өңдүү көптөгөн ырчылар катышкан чыгармачылык кече жогорку деңгээлде өттү. Соңунда Алла Пугачёва өзү сахнага чыгып, бир нече ырын тартуу кылды. Көрүүчүлөр жылуу кабыл алып, ордунан туруп кол чаап, чогуу ырдагандар ырчыны сүйүнүчтөн ыйлатты.

"Жаңы толкун" жаш музыка аткаруучулардын эл аралык сынагы Юрмалада 2002-жылдан бери өткөрүлүп келет. Сынакты өткөрүү идеясы композиторлор Игорь Крутой менен Раймонд Паулска таандык. Алла Пугачёва сынактын музасы аталып, жеке сыйлыгын берип келген.

Сынактагы 2 күндүн жыйынтыгы кошулуп, Кыргызстандын атынан катышып жаткан "Style Mix" триосу 127 упай менен 10-орунда келе жатат. 22-июлда старт алган "Жаңы толкун" Эл аралык сынагында Кыргызстан, Орусия, Украина, Армения, Литва, Казакстан, Италия, Грузия, Германия жана Латвия мамлекеттеринен келген 16 жаш аткаруучу ат салышууда. 26-июлдан 27-июлга караган түнү сынактын үчүнчү күнү орун алат. Анда катышуучулар жаңы чыгарылган ырларды аткарышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
kuba.kq8705
2014-07-26 10:20:20
kyrgyzstan 10 orunbu je akyrky orunbu ?
-1
jypara1415
2014-07-26 10:43:15
kuba.kq8705, Өзү 10 мамлекет катышып жатат . Кыргызстан 10 - орунда . Жалпы катышып жаткандардын саны 16 .
Мен ушундай түшүндүм .
0
RUSLAN.KG
2014-07-26 12:53:38
Биринчи орун же онунчу орун болобу - бул эн негизги маселе эмес ко, достор? Биздин Кыргызстандын жаштары алыскы жерге барып, желегибизди желбиретип, оз талантын эл аралык денгээлде коргозуп жатканы биз учун сыймык!
Алга Кыргызстан! Алга "Style Mix"! Ийгилик баарыбызга.

p.s. "Интернет баатырлар" уро берет, кербен журо берет. Бироого сын таккыча, озунон сурачы - "Сен оз элин, жерин учун эмне кылдын? Татыктуу, эл сыймыктанчуу иш кылдынбы"?
+4
Aimeerimka
2014-07-26 10:55:05
Россия 1 чи орунга ээ болот билип эле турам.
0
LIVER
2014-07-26 11:51:50
Кайдагы 10 орун, надо по участникам считать, конкурсантов 16, значит 15 место.....
0
Bella-life
2014-07-26 13:48:23
2 же 3 участниктин алган баллдары окшош болуп чыкса анда алар 1 топко кирет.
мисалы; 150 очкодон 2 олконун участниги тен алса анда алар 1- орун деп корсотулот
+1
Gsuita
2014-07-26 16:43:34
Тушунсонор боло 16 катышуучунун арасында 10-орунда турат.
0
tiletork
2014-07-28 13:22:46
Буга да окмот куноолуу, барып Игорь крутойго пара берип коюшпайбы, анан ундорун, талантын окмоттун акчасы менее бийликтегилер ондоп койбойбу каап,
+1
tiletork
2014-07-28 13:27:43
Кыргызстан да катышып жатыптыр дер, кичине сыймыктанып коюш деген бизде жок,буга да куноолуулор чыгат, орустар деле евровидениеге катышып бирди алалбай эле жатышпайбы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан