Венесуэлада курулушу бүтө элек мунарада жашагандар үйлөрүнөн чыгарылды

Венесуэланын Каркас аймагындагы Давид мунарасы көк тиреген имарат катары курулуп баштап, бүтпөй калган. Эгерде курулуш иштери аяктаса, 45 кабаттуу имарат ишкердик борборуна айланмак. Бирок 1945-жылы башкы инвестордун көз жумганынан кийин башталган ишти эч ким аягына чыгарган эмес. Акыркы 20 жылдын ичинде ал жерге 3 миңден ашуун адам жайгашып алган.

Өткөн жылы аталган имаратта жүздөн ашуун үй-бүлө жашап жатканы, чакан дүкөндөр ачылып, чачтарачтар иштеп жатканы белгилүү болгон. Алар лифтти иштете алышпаса да, электр чубалгыларын тартып, суу түтүктөрүн жана канализация системин өз алдынча орнотушкан. 2014-жылы 22-июлда мунарада жашагандар чыгарылып, аларга башка шаардан турак жай берилди. Мунарадагы жашоону Хорхе Сильва сүрөткө тартып алган. Бул тууралуу 26-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан